• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаарындагы Ататюрк атындагы паркта советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылган күнүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Россия жана Казакстандын аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, Афганстан согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык союзунун төрагасы К.Рыспаев, республиканын башка коомдук ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн жана афган согушунун ардагерлери катышты.

Митингдин катышуучулары "Афган жоокерлеринин" монументине гүл коюп, курман болгондордун элесин бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти, андан соң салюттук топ куралдан үч жолу атуу менен залп беришти.

"Афган согушундагы кыргызстандык катышуучуларынын баа жеткис күжүрмөн жана турмуш тажрыйбалары, билими жана көндүмдөрү, алардын адеп-ахлактык потенциалдары жана салттары азыркы өсүп келе жаткан Мекен коргоочуларга бекем моралдык рухтун жана жогорку кесиптик чеберчиликтин соолубас булагы болоору талашсыз", - деп белгилди коргоо министри Бекболотов.

Сөзүнүн аягында коргоо ведомствосунун башчысы бардык ардагерлерге чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиктерди каалап кетти.

Ошондой эле бул күндүн алдында Коргоо министрлигинде афган согушунун ардагерлерин урматтоо өтүп, иш-чарага Афган жергесинде өз аскердик жана интернационалдык милдеттерин аткарган Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери катышты.

Интернационалист жоокерлер бүгүн да, четте калбастан, өлкөбүздүн ардагерлер кыймылдарынын өнүгүүсүнө салым кошуп, күжүрмөн досторуна жардам беришип, жаш Мекен коргоочуларды аскердик-атуулдук багытта тарбиялоо иштерин жүргүзүп келишет.

Маалымат үчүн: Афганстанда куралдуу кагылышуу 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Бул согушта 7 миң 141 кыргызстандык аскердик кызматын өтөгөн. Жаракаттардан каза болгондорун саны 250дөн ашуун, 4 адам дайынсыз жоголгон, 1 миң 500 адам жаракат жана контузия алган.

Пикир

Оставить комментарий