• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү башталды

Маданият 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “Кино анимация” боюнча 6-жыйынынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү Бишкек шаарынын “Манас” кинотеатрында ачылды.

Иш чаранын ачылышына аталган комиссиянын төрагасы, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттеринин депутаттары, маданият министрликтеринин жана дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү, кинорежиссерлор, аниматорлор жана маданият ишмерлери катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз эгемендүүлүккө ээ болгон боордош элдер бир уюмга биригип, тилди, орток маданиятты, салтты сактоонун аракетинде болгону жакшы саамалык экенин белгиледи.

“ТҮРКПАга мүчө мамлекеттер теги бир, түбү бир эл экенибизди унутпашыбыз керек. Биздин тилибиз да, дилибиз да, маданиятыбыз да, салтыбыз да окшош. Айрыкча, боордош элдер биригип, мыкты делген тасмаларын биздин борбор калаада көргөзүп жатканы жакшы жышаан”,- деди депутат Садык Шер-Нияз.

Тасмалар13-16-сентябрь күндөрү көрсөтүлөт. Бул аралыкта Азербайджандан “Кызыл бакча”, Казакстандан “Кайрылман”, Кыргызстандан “Түнкү кырсык”, Түркиянын атынан “Буудай” жана “Айла” көркөм тасмалары тартууланат.

Эске сала кетсек, бүгүн, 14-сентябрда ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын 4-жыйыны, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча 6-жыйыны өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий