• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Түтүн” сүрөт көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Бишкекте “Түтүн” сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көргөзмө эртең, 17-январда саат 12:00дө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылмакчы.

Экспозиция жаңы имараттардын пайда болуу тарыхына, Юнисон Групптун адистеринен турак жайлардын жашоочулары үчүн энергияны үнөмдөө боюнча чаралар жана үйлөрдү жылуулоо боюнча өткөрүлгөн маалыматтык кампаниялар жана тренингдерге, полигондордун абалы, Бишкек шаарынын архитектура жана транспортун өнүктүрүүгө арналган.

Көргөзмөнүн автору Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө белгилүү фотограф, аниматор жана архитектор Шило Жекшенбаев. Анда автордун 80 эмгеги коюлат.

Иш-чаранын максаты – борбор калаадагы абанын булганышы, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын жашоочуларынын энергетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүгү, жаңы имараттардагы өнүкпөгөн инфраструктура, ассимиляция процесси жана ички миграция сыяктуу актуалдуу көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Көргөзмө 3-февралга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий