• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте темир жолчулар окуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Темир жолчулар Бишкектин Ала-Тоо конушунда жайгашкан №82 орто мектебинде окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.

Темир жолчулардын айтымында, кырсыктын негизги себептери болуп темир жолдогу коопсуздук эрежелерин сактабагандык эсептелерин

Кырсыкты алдын алуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат. Бирок токтотуу аралыгы 400 метрден 800 метрге чейин баргандыгына байланыштуу поезд дароо токтобойт. Темир жолго бөтөн нерселерди, маселен таштарды, металл буюмдарды таштоо фактылары дагы эле катталууда. Мына ушулардын бардыгы поезддердин кечиктирилишине, графигинин бузулушуна, натыйжада темир жолдун чыгымга учурашына алып келет.

Ушундай эле иш чаралар темир жолго жакын жайгашкан мектептерде да өткөрүлүүдө. Темир жолчулар мындай түшүндүрүү иштерин жыл сайын тынымсыз жүргүзүп турушат.

Кошумчалай кетсек, коопсуздукту сактоо максатында 2023-жылы "Ала-Тоо" конушунда жайгашкан Сокулук-Бишкек-1 перегонунда темир жолго 1,5 км узундуктагы тосмолор орнотулган.

Статистика: 2023-жыл башынан бери темир жолдо 128 жолу поезддерди чукул токтотуу фактылары катталган. Анын ичинен 111 учурда кагылышуу алдын алынып, адамдардын өмүрү сакталган. Тилекке каршы 10 адам жаракат алып, 7 адам каза болгон. Бул окуялар темир жолдогу коопсуздук эрежелеринин сактабагандыктан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий