• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ТМУнун медиа жана маалымат суроолору боюнча жумушчу тобунун жыйыны башталды

Маданият 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат суроолору боюнча Жумушчу тобунун 10-жыйыны башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сөз сүйлөп, жыйынды ачты. “Бул иш-чара медиа жана маалымат тармагында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөдө, билим жана тажрыйба алмашууда маанилүү кадам болуп саналат”,- деди ал.

Жыйындын алкагында 2023-2024-жылдарга карата иш-аракеттер Планына киргизүү үчүн сын-пикирлер жана сунуштар, Өзбекстанда уюштурула турган 2-Эл аралык медиа-форум жана министрликтердин өкүлдөрү үчүн окутуу программасы жөнүндө маалымат, “Түрк маалымат агенттиктеринин Союзу” жана “Эл аралык түрк жаңылыктар каналын” түзүү жөнүндө маалымат, кыргыз тарабынан даярдалган түрк мамлекеттеринин Журналисттер ассоциациясынын Уставынын долбоору боюнча комментарий, ошондой эле медиа жана маалымат жаатында окутуу программаларын уюштуруу боюнча тараптардын пикирлери жана сунуштары талкууланды.

Ошондой эле, Жумушчу топтун ишинин негизги натыйжаларынын бири болуп, Уюштуруу жыйынынын T-BRAF (Түрк мамлекеттеринин берүүнү жөнгө салуучу органдары) программасынын долбоорун карап чыгуу, T-BRAF Уставынын долбоорун жана түрк мамлекеттеринин берүүнү жөнгө салуу органдарынын форумунун биргелешкен декларациясынын долбоору кароодо болгондугун белгилей кетүү зарыл. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын

9-ноябрында Стамбулда T-BRAF уюштуруу жыйынын өткөрүү пландаштырылууда.

Жумушчу топтун жыйынынын экинчи бөлүгүндө жергиликтүү ЖМКлардын катышуусу менен “GPT чаттын мисалында жасалма интеллекттин артыкчылыктары жана кемчиликтери” жана “Гибриддик согуштар XXI кылымдын коопсуздук коркунучу катары” сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий