• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда Салттуу музыка жумалыгы аяктады – сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда Салттуу музыка жумалыгы аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда аталган майрам быйыл 19-жолу белгиленип, ага Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстан республикаларынын өкүлдөрү катышты.

Жумалык маданий жана илимий бөлүктөрдөн туруп, аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Кыргыз эл артисти Роза Аманова жетектеген “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте уюштурду.

Иш-чаранын расмий бөлүгү Ош шаарындагы Султан Ибримов атындагы Ош улуттук драма театрында “Салттуу музыка күнүнө” карата гала-концерт жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен жыйынтыкталды.

Жумалыктын алкагында Ош шаарында өткөн концерттик иш-чараларда көрүүчүлөргө өнөр тартуулаган өнөр адамдарына жана Казакстан, Каракалпакстандан келген конокторго министрликтин "Ыраазычылык каттары", “Ардак грамоталары” тапшырылды. Ал эми Бишкектен барган “Салттуу музыка жумалыгынын" калыстар тобунун курамындагы бир катар маданият ишмерлерине облустук администрациянын сыйлыктары ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий