• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте троллейбустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкекте троллейбустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдг “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө бардык негизги параметрлер, анын ичинде электр жабдууларынын абалы, тормоздук системалар, дөңгөлөктөр, кузов жана жүргүнчүлөрдү коопсуз жана ыңгайлуу ташууну камсыз кылган башка техникалык түзүлүштөр текшерилди.

Мындан тышкары, салондордун жана санитардык түйүндөрдүн санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, троллейбустардын басымдуу бөлүгү белгиленген стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берет. Бирок, жакынкы мезгилде четтете турган айрым кемчиликтер аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий