• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо алдамчылык менен алектенген коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Базар-Коргон милициясы алдамчылык менен алектенген коңшу өлкөнүн жаранын кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда Н.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 10-октябрда 36 жаштагы М.У. аттуу адам ишеничине кирип "Мерседес-Бенц 200Е" үлгүсүндөгү автоунаасын 130 миң сомго баалап, акчасын 10 күндүн ичинде берен деп алдап кеткен адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Райондук милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү коңшу өлкөнүн жараны 36 жаштагы М.У. экендиги аныкталган. Ошондой эле коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон.

Шектүү 17-январда Базар-Коргон районунун аймагында кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий