• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде 1,5 млн сомдук контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Баткенде 1,5 млн сомдук контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар Баткен шаарында Т.Б.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz 413 үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок 50 блоктон турган 25 куту Esse Change тамекилери табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 562 миң 500 сомду түзгөн.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий