• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ “Ихсан Групп ЛТД” турак жай курулуш кооперативинин ишин иликтөөнү улантууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин ишин иликтөөнү улантууда.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аталган турак жай кооперативине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 17-ноябрында “Ихсан Групп” кооперативинин жооптуу кызматкери А.О.Т тергөөгө келүүдөн баш тартып качып кеткендигине байланыштуу ага карата КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 396 факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыбы сырттан угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камакка алуу түрү сырттан тандалып, ага карата издөө жарыяланган.

Ал эми, 2022-жылдын декабрында “Ихсан Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери Б.А.Т. жана А.Э.К., жалпы төрт жүздөн ашык факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыбтары угузулуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн төрт жүздөн ашык факты боюнча жабырлануучуларга жалпы келтирилген материалдык чыгым 425 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары, “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин түштүк регионунун филиалына карата 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш фактылар боюнча жабырлануучуларга 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

"Ихсан групп ЛТД" кооперативине карата жарандардын арыз менен кайрылышынын себеби, келишим боюнча турак жайды сатып берүү мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болгон.

Бүгүнкү күндө "Ихсан Групп ЛТД»" кооперативи өз ишмердүүлүгүн улантууда, себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып турак жай алганы белгилүү жана ошол эле турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп келишүүдө.

Аталган "Ихсан Групп ЛТД" комерциялык эмес турак жай кооперативинин баардык банктык эсебине камак (арест) салынып, тергөө иштери ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Ошондуктан ар бир жаран турак жай сатып алуудан мурда, турак үйдү курган компания тууралуу маалыматтарга ээ болуп, аларды талдоо жана тандоо керек.

Алсак, ал ишканаанын тарыхы, документтери (жердин кызыл китеби, курулушка лицензия ж.б), курулуш ченемдеринин сакталуусу, объект жайгашкан район, курулуш технологияларына терең кылдат көңүл буруу керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий