• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады. Ал ишкерден $5 миң опузалаган

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, "Токмок шаарын кароочусу" деп аталган К.Э.Ж. кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү мурда бир нече жолу соттолгон. Ал жеке ишкерден 5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды.

К.Э.Ж. физикалык басым жасоо жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу аркылуу унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде (б.а. отметка) акча талап кылып алып турганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Э.Ж. 1 миң АКШ долларын талап кылып алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды жана ишкерлерди К.Э.Ж.нын пара талап кылган башка фактылары боюнча УКМКга кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий