• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өрттөн эки адам күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, эки адам күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-мартта Биринчи май районунун Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан курулуш чарбанын жыгач устундуу шифер жабылган 40 чарчы метр чатыры күйүп, жерине №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн бир бөлүмү тартылган.

"Өрттүн кесепетинен 2 эркек киши күйүк алып, тез жардам кызматы менен күйүк борборуна жеткирилген. Учурда аты-жөнү такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, өрт 23:27де четкөөгө алынып, 23:44тө толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий