• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте уз айымдар мыкты шырдакчы сынагында ат салышууда. Сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 18.08.22. /Жээнбек Сагыналиев - Кабар/. Бишкекте 18-августта уз айымдар арасында 2022-жылдын мыкты шырдакчысын аныктаган сынак өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагынан келген салттуу кол өнөрчүлүктүн сүйүүчүлөрү катышууда.

Уюуштуруучулардын айтымына караганда, сынактын негизги максаты - уз айымдарга шык берүү жана кыргыз шырдагынын көрктүүлүгүн арттыруу.

Белгилей кетсек, сынакты Kyrgyz Handmade "Байбол" этно-чайханасы менен биргеликте биринчи жолу уюштурган.

Саамалыкты жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.

Конкурстун коноктору үчүн терме, шырдак, чий токуу, жип ийрүү боюнча мастер-класстар, улуттук ашкана боюнча мастер-класстар, этно оюндар жана атайын музыкалык программа каралган.

Пикир

Оставить комментарий