• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте велосезондун жабылышы болот

Спорт 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Бишкекте 28-октябрда велосезон-2018дин жабылышы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактардан билдиришти.

Катышуучулар саат 10:00дө Түштүк дарбазадагы Жеңиш сейил багында жайгашкан борбордук монументтин жанына чогулушу керек.

Велоколонна Кара жыгач багындагы “Аркан-Токойго” барат. Ал жакта салттык сынактык программа, велосипедде жүрүү сезонунун расмий жабылышы өтөт.

Иш-чарага велосипеди жана шлеми бар адамдар катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий