• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте X эл аралык “Үмүт” кинфоруму жыйынтыкталды - жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Маданият 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бишкекте “Үмүт” форумунун калыстар тобу улуттук жана эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:

- мыкты тасма — "Базар", продюсер жана режиссеру Томирис Орозоева;

- мыкты режиссура — "Жол", режиссеру Төлөмүш Жаныбеков;

- калыстардын атайын сыйлыгы — "Биринчи жолу", Мээрим Догдурбекова;

- "Калыстардын атайын эскертмеси" диплому — "Кыял", Санжар Абдыжапаров;

- Кыргызстандын кинематографисттер биримдигинин сыйлыгы "көрсөтүлгөн иштердин жыйындысы" үчүн Караш Жанышовго берилди;

- "Кыргызфильм" киностудиясынын сыйлыгы — "Аламан" Ильгиз Шер-Нияз и Сооронбек Тургунмамат уулу.

Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү:

- мыкты фильм — "Сальвадор Дали", "Айтыш-фильм" киностудиясы "Кыргызфильмдин" колдоосунда, продюсерлер Нурбек Айбашов и Элдияр Мадаким, (Кыргызстан);

- мыкты режиссура — "Филемон Бавкида", Инна Гусева (Россия);

- калыстардын атайын сыйлыгы — "Две пули", Глеб Прохоров (Россия);

- Кыргызстандын кинематографисттер биримдигинин сыйлыгы — "Спать хочется", Темирлан Сагимбаев (Казахстан);

- "Кыргызфильмдин" сыйлыгы — "На Шелковом пути", Шерзод Назаров (Узбекистан).

Кинофорум КР эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналып, ал 3 күнгө уланды. Ал таланттуу жаштарды колдоо, кинематографияда жаңы режиссердик ысымдарды ачуу, кинону искусство катары кабылдоо үчүн шарттарды түзүү максатында өткөрүлүүдө.

Сынакка Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Россия, Кыргызстан и Тажикистандан режиссерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий