• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 5,4 миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бишкекте эртең, 26-декабрда “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн 5 миң 400 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлүшү мүмкүн.

Бишкек электр тармактар ишканасы жаңы жылда жарыксыз калбоо үчүн турмуш-тиричилик абоненттеринин электр жарыгына болгон төлөмдү өз убагындоо төлөөгө чакырат.

Ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" рубрикасында бардык абоненттер электр энергиясы үчүн болгон карызын көрө алышат.

Андан тышкары, турмуш-тиричилик абоненттери Play Market жана AppStore аркылуу “Менин жарыгым” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, өз баланстары тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле абоненттер 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номерлери аркылуу колл-борборго кайрыла алышат (күнү-түнү иштейт), же 0556 001209 WhatsApp номерине билдирүү жазса болот.

Пикир

Оставить комментарий