• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте өзгөчө балдарга арналган селкинчектер орнотулду

Коом 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Бишкекте Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында өзгөчө балдарга арналган селкинчектер пайда болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жеткиликтүү коомдук мейкиндикти өнүктүрүү жана өзгөчө муктаждыктарга ээ балдарды интеграциялоо максатында Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан шаардык муниципалитеттин жана “Сорос Кыргызстан” фондунун колдоосунда Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларынын оюн аянтчаларында балдардын атайын селкинчектерин орнотуу демилгеленген. Бул демилге балдарга физикалык өзгөчөлүктөрүнө карабастан, бирдей мүмкүндүктөрдү түзүүнүн алгачкы кадамы болуп саналат.

Келечекте Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан инклюзивдик аянтчаларды өнүктүрүү, анын ичинде шаар мэриясынын колдоосу менен шаарда бир өзгөчө аянтты куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий