• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жасалган 1 тонна бешбармак Гиннестин рекорддор китебине кирди

Коом 0

Бишкек, 26.05.18 /Кабар/. Бишкекте 2018-жылдын 11-мартында даярдалган бешбармак расмий түрдө Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, даярдалган улуттук тамактын салмагы 1464 килограммды түзгөн. Рекорд “АЮ Холдинг” ассоциациясы жана LLC KazGrain тарабынан ишке ашкан.

Сайтта маалымдалгандай, бешбармактын курамындагы эң негизги кошулма бул – жылкынын эти.

Эске сала кетсек, салмагы 1464 килограмм болгон бешбармак жана 117 метрлик чучук Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 11-майында Ак калпак күнүнө карата даярдалган.

2015-жылы Астанада 736,5 килограмм бешбармак жасалып, Гиннестин рекорд китебине кирген.

Пикир

Оставить комментарий