• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жаш дзюдочулар арасында өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-2-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз-уландар арасында дзюдо боюнча мелдеш өттү.

Республикалык чемпионатка өлкөнүн 5 облусунан (Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас) жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 318 спортчу катышты.

Мелдеш 16 салмакта: эркектер арасында 8 салмак категорияда (55, 60, 66, 73, 81,90, 100 кг жана 100 кг жогору), кыздар арасында 8 салмак категорияда (44, 48, 52, 57, 63, 70, 78 жана 78 кг жогору) өттү.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий