• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты: Куттубек Рысматов коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү (U-17) боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Куттубек Рысматов Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 55 кг чейинки салмак категориясында катышкан. 1/4 финалдык беттеште индиялык балбанга 6:9 эсебинде жеңилип калган.

Жубатуучу беттеште израилдик балбанды 4:0 эсебинде жеңген. Ал эми коло медаль үчүн беттеште түркиялык балбан менен күч сынашып, жыйынтыгында 10:1 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий