Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы жол белгилерин жаңылады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкектин Шопоков көчөсү менен Чүй проспектисиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр, токтоо сызыктары, туташ сызыктар жана чекиттүү сызыктар жаңыланды.
Аталган көчөлөр жарым-жартылай жабылып, иштер саат 23:00дөн 06гө чейин жүргүзүлдү.
Пикир
Оставить комментарий