• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жол эрежесин бузган той кортежине айыппул салынды

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Бишкекте жол эрежесин бузган той кортежине айыппул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалымат ылайык, 1-ноябрь күнү болжол менен саат 14:00дө кайгуул кызматкерлери Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузуп, жолдогу башка унааларга тоскоолдук жана коркунуч жараткан “Mercedes-Benz G-класс” (Гелендваген) үлгүсүндөгү 5 унаадан турган той кортежин токтотушкан. Аларга КР Бузуулар кодексинин 123-1 берененин 3-бөлүмүнө ылайык (Карама-каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузуу; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу системасынын үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу ) протокол толтурулган.

Милициянын кайгуул кызматы, айдоочулар жол эрежесин бузуу менен башка унааларга жана жарандарга коркунуч жаратарын жана ал нерсе жол кырсыктарына алып келиши мүмкүн экенин эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий