• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КРны 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча пландын долбоору талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бишкекте жарандык коомдун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын долбоорун коомдук талкуулоо жүрүп жатат.

Катышуучуларды КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Ал өз сөзүндө бул программанын негизги максаты өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, антикризистик чараларды ишке ашыруу жана өнүгүүнүн негиздерин түзүү аркылуу жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу жана узак мөөнөттүү максаттарга ийгиликтүү жетишүү болуп саналат деп билдирди.

“Бүгүн биз үчүн маанилүү күн, биз кийин 5 жылда өлкөнү өнүктүрүүнүн багытын аныктоонун планын талкуулоо үчүн чогулуп отурабыз. Өлкөнүн президенти Садыр Нургожоевич тарабынан экономиканын өсүүсүн камсыздоо жана социалдык маселелерди чечүү жолу менен ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу боюнча так милдеттер коюлган”, - деди ал.

Мындан тышкары, төраганын орун басары орто мөөнөттүү келечекте министрлер кабинети бардык тармактарда терең санариптештирүүнү күчөтүп, башкаруу системасын реформалап, экономиканын тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп белгиледи.

“Антикризистик чаралар көрүлүп, экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу программалары ишке ашылырып, жаңы ишканалар ишке берилип, жумушчу орундар түзүлөт. Ошондой эле мамлекет тарабынан ишкерлерге алгылыкты колдоолор көрсөтүлөт. Муну менен катар биз бизнести көмүскө экономикадан чыгаруу боюнча кескин чараларды көрөбүз. Мындан тышкары, коррупцияга каршы чаралар, товарлардын импортун алмаштыруу, натыйжасыз чыгашаларды кыскартуу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча чаралар ишке ашырылат”, - деди Байсалов.

Жыйынтыгында ал ошондой эле кирешелердин теңсиздигин кыскартуу, орто классты кеңейтүү, негизги эл аралык рейтингдердеги позициясын жакшыртуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишүү ниетин билдирди.

“Мен татыктуу эмгек стандарттарын акырындык менен жайылтуу адамдын бакубаттуулугунун жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи болуп калат деп ишенем.

Экономикалык өсүү менен камсыздап, мамлекеттик бюджетти кеңейтүү менен социалдык жана башка тармактардагы маселелерди чечебиз”, - деди Байсалов.

Белгилей кетсек, иш-чарада эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу системасын реформалоо, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү, санариптик технологиялардын негизинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо, жергиликтүү социалдык кызматтар рыногун өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк, билим берүү системасына жан башына каржылоону киргизүү, мектепке чейинки жана мектепте билим берүүгө, социалдык-медициналык жана реабилитациялык, медициналык тейлөөгө бизнести кеңири тартуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө гендердик теңчиликти илгерилетүү үчүн институционалдык базаны бекемдөө, кам көрүү экономикасын өнүктүрүү жана COVID-19 таасиринин контекстинде аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча маселелерди кароо пландаштырылууда.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча социалдык чөйрөдөгү маселелер боюнча Пландын долбоорунун иш-чараларын жыйынтыктоо боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий