• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жыл башынан бери өспүрүмдөр катышкан 562 жол кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бишкектин милициянын кайгуул кызматкерлери №25 орто мектепке барып, “Жолдо өзүн коопсуз алып жүрүү” багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, жолугушууда жаш өспүрүмдөргө үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жеткинчектер үчүн даярдалган видео роликтер көргөзүлүп, жол эрежелерин сактоо жана жолдо өзүн-өзү коопсуз алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, жыл башынан тартып Бишкек шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр катышкан 562 жол кырсыгы катталып, 653 өспүрүмдөр жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу багытында милициянын кайгуул кызматкерлери өспүрүмдөр менен тыгыз иштешип, мектеп жана бала-бакчаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий