• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги 6 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте “Республика” партиясы жана “Жалпы иш” коомдук фондунун даттануусунан улам 6 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-апрелде Бишкектеги шайлоо тилкелеринде участкадан сырткары добуш берүү жүргөн.

“Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы “Республика” партиясы жана “Жалпы иш” коомдук фонддун даттануусунан улам 6 шайлоо тилкесинде участкадан сырткары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарды”, - деп жазат Маматов.

Белгилесек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий