• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги "Алькони" ишканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0


Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Бишкектеги "Алькони" ишканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө жалпы беш күжүрмөн эсеп, бир суу ташуучу унаа жана ыкчам топ тартылган.

"31-мартка караган түнү саат 03:10дор чамасында катталган өрт саат 05:55де чектөөгө алынган. Жалын толугу менен күндүзгү саат 14:38де өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Өрттөн ишкананын болжол менен 3500 чарчы метр аянты күйүп кеткен, ошондой эле жалын ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ага карабастан өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнерди сактап калууга мүмкүн болгон.

Такталган маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий