• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги ашканадан 22 адам тамакка ууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Бишкектин Москва көчөсүндөгү №1 ашканадан 22 адам тамакка ууланды.

Санэпидкөзөмөл борборунан билдиришкендей, уулангандардын ичинен тогузу Токмоктогу ооруканага, 13ү Чүй бириктирилген ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

Бейтаптарды сурамжылоого алганда, алар 25-26-майда №1 ашканадан бризоль тамагын жегендигин айтышкан.

Окуя болгон жерге адисттер жөнөтүлүп, экспертизалар дайындалган.

Аталган ашканага 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда ашкана жабык турат.

Пикир

Оставить комментарий