• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 120 миңдей өспүрүм кыз папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда 23-ноябрга карата 120 миңден ашык өспүрүм кыз папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул максаттуу топтун 50%ын түзөт.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын ноябрь айынан баштап профилактикалык эмдөө календарга ылайык, 11 жаштагы кыздарды АПВга каршы эмдөө башталган.

Эмдөө мектептердеги медициналык борбордо акысыз жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВга каршы эмдөө жасалат. Вакцина алты ай аралык менен эки жолу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий