• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда тамакка ууланган беш адам ооруканага түштү

Ден соолук 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда тамак-аштан беш адам ууланган учур катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, адамдар 21-ноябрда саат 13:00дөр чамасында тамакка ууланып, кийинки күнү медициналык жардам алууга кайрылган. Бейтаптар Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Үч жабырлануучунун абалы өтө оор деп бааланууда, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат. Экөөнүн абалы оор. Учурда бардык керектүү дарылануудан өтүшүүдө. Бардык жабырлануучулардан лабораториялык изилдөө үчүн клиникалык материалдар алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, жогоруда аталган жабырлануучулардын бардыгы 21-ноябрда саат 13:00дө жумуш ордунда түшкү тамактануу учурунда үй шартында жасалган жашылча консервалары менен тамактанышкан.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 10 айында республикада тамак-аштан уулануунун 100 учуру катталып, 437 адам жабыркаган, анын ичинен ботулизмдин 25 учурунда 34 адам жабыркаган. Акыркы эки жумада эле ботулизм оорусунун оор түрү менен эки учур катталып, 7 адам жабыркады.

Ботулизм - ботулизм таякчалары менен булганган жана нерв системасына таасир этүүчү ботулотоксиндерди камтыган тамак-аштарды колдонуунун натыйжасында уулануу. Ботулизмдин козгогучу кычкылтексиз өнүгө турган анаэробдук Clostridium botulinum таякчасы. Ал табияттагы эң күчтүү ууну чыгарууга жөндөмдүү. Көптөгөн адамдар ботулизм деген эмне экенин билишпей, анын адам өмүрүнө өтө кооптуу экенине көңүл бурушпайт.

Пикир

Оставить комментарий