• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги бир нече көчө оңдоо иштеринен кийин жол кыймылы үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 03.08.18 /Кабар/. Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин бир нече көчө жол кыймылы үчүн ачылды.

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ахунбаев көчөсү жол кыймылы үчүн ачылды.

Айтматов жана Бакаев (Чапаев) көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүктө жүргүзүлгөн оңдоо иштери бир айга жетпеген мөөнөттө аяктады.

Жалпысынан аталган долбоордун алкагында Ахунбаев көчөсүнүн Садырбаев (Баха) көчөсүнөн Айтматов кең көчөсүнө чейинки 2 чакырымы оңдолду.

Ушул эле долбоор боюнча калган 23 жолдун ичинде Үмөталиев көчөсү оңдолууда. Быйыл жол оңдоо иштери анын Чүй жана Жибек жолу кең көчөлөрүнүн ортосундагы эки чакырымдык бөлүгүндө жүргүзүлөт.

Жибек жолу кең көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүк автоунаалардын кымылы үчүн бүгүн, 3-августта ачылды.

Пикир

Оставить комментарий