• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги эки кабаттуу имараттан чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.17. /Кабар/. Бишкектин Бектенов көчөсүндөгү күйүп жаткан 2 кабаттуу үйдөгү өрт өчүрүлдү,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Өрт өчүрүүчүлөр өттүн башка үй жана имараттарга өтүп кетүү коркунучун чектөөгө алышкан.

Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 3 өрт бөлүмү тартылды.

Алдын ала маалыматка ылайык, ижарага берилүүчү 2 кабаттуу үйдүн 350 чарчы метр чатыры күйгөн.

“101” өрт өчүрүү кызматына саат 11:00дө билдирүү түшкөн, өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге 8 мүнөттүн ичинде жетип барган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий