• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги эт комбинатынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Бишкек шаарындагы эт комбинатынын имаратынан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери бүгүн, 15-август күнү саат 01:20да аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен имараттын 5000 чарчы метр аянты күйгөн.

Эске салсак, өрт 2018-жылдын 9-август күнү саат 04:53тө Бишкек шаарынын Ленин районунун Москва көчөсү №266 дарегинде иштетилбей бош турган мурунку эт комбинатынын имаратынан чыккан.

Өрт ошол эле күнү саат 11:23тө чектөөгө алынган. Жабыркагандар жок.

Өрттү толук өчүрүүгө 14-август күнү КР ӨКМнин Ленин райондук №4 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий