• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн болжолдуу себеби айтылды

Кырсык 0


Бишкек, 03.09.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин борборунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн алдын ала себебин атады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, көп кабаттуу үйдүн 14-кабатында өрттүн чыгышына курулуш материалдарынын кароосуз калгандыгы себеп болгон", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өрт саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 45 куткаруучу, 7 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 30дан ашык өрт өчүрүүчүлөр тартылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-августта Бишкектеги Манас жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.

Пикир

Оставить комментарий