• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда жеңил унаа жардан кулап, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кара-Сууда жеңил унаа жардан кулап, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жыны-Арык айылында “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, жардан кулап кеткен, натыйжада 29 жаштагы 3 эркек - А.А., . Т.у.Ж., . Ж.А. аттуу жарандар жеңил жаракат алып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Кырсыктын кесепетинен унаадан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий