• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги калктуу конуштарда жарандар үчүн капельница жана укол алуу үчүн шарт түзүлөт

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бишкекте калктуу конуштардагы мектеп, поликлиникаларда жарандар үчүн капельница жана укол алуу үчүн шарт түзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек жана Ош шаарларында медкызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда.

“Борбор калаада медиктердин 30 пайызы ооруп жатат. Биз ошондой эле 60 жаштан жогору болгон дарыгерлерди жумушка чыгардык”, - дейт ал.

Каратаев “Көлмө”, “Көк-Жар” жана “Ак-Өргө” конуштарында медициналык бөлүм бар экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус жуктурган 439 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5735ти түзөт. Алардын ичинен 2443 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий