• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги коомдук транспорт көйгөйү акырындык менен чечиле баштады

Аналитика 0

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаадагы коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу көйгөйүн тез арада чечүү боюнча алдын ала маалымат берди. Анын айтымында, шаарда көп орундуу автобустар линияга киргенде бул маселе биротоло чечилет. Шаар бийлиги бул планды жүзөгө ашыруунун үстүндө иш алып барууда.

"Президент Садыр Жапаровдун жардамы менен чечип жатабыз. Жыл аягына чейин Бишкекке дээрлик 1,5 миң автобус келет. Азыр компаниядар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди мэр журналисттер үчүн уюштурулган чоң маалымат жыйынында.

Алдыда чоң милдет турат, акыркы 15-20 жылда бишкектиктер шаарды кичи автобустардан арылтып, жарандарды ыңгайлуу автобустар менен үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу боюнча убадаларды бир канча ирет угушту. Мындай убадаларды мэрликке жаңы келген ар бир адам айтып келген. Бирок жылдан жылга шаардын көчөлөрү адамдар жык толгон кичи автобустарга толуп, ал эми аялдамаларда муниципалдык транспортторду сааттап күтүүдөн майнап чыкпай келген.

Албетте, өзгөчө жаңы экологиялык таза көп орундуу автобустардын ири партиясынын келиши менен жылыштар болду. Алар жаз алды менен каттамдарга чыгып, жүргүнчүлөр жаңы автобустардын кенен жана ыңгайлуулугун жогору баалашты. Эгерде бардык муниципалдык транспорттор ушундай болуп, каттамдарда бат-баттан жүрө баштаса, шаардыктар үчүн абдан кубанычтуу болмок.

Эксперттер бир эмес бир нече жолу айткандай, көп орундуу автобустардын келиши менен борбордук көчөлөрдөгү тыгындар жарым-жартылай азаят, андан тышкары эски маршруттук автобустардан чыккан зыяндуу газдарды жок кылуу шаарыбыздын абасын бир аз болсо да тазартмак. Бул өзгөчө суук мезгилде Бишкектеги кара түтүн менен күрөшүүгө олуттуу салым болмокчу.

Шаардыктар үчүн дагы бир актуалдуу көйгөй - жол кире акысы. Алардын көлөмү 2021-жылдын ноябрында байкалаарлык көбөйгөн, бирок жакында эле мэрия менен шаардык кеңеш дагы автобустар менен троллейбустарда 15 сомго чейин, маршруттук таксилерде 21 сомго чейин жогорулатуу зарылдыгын айта башташты. Жадагалса токтом долбоору коомдук талкууга да коюлган. Бирок Эмилбек Абдыкадыров мэрия шаардык кеңеш менен макулдашып, тарифти көтөрүү планынан баш тартканын айтып жарандарды тынчтандырган, анткени бул шаардыктардын олуттуу бөлүгүнүн социалдык абалына залакасын тийгизмек.

"Шаардык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, тарифтерди көтөрүү масселесин кайтарып алдык. Анткени, социалдык тармактарда көптөгөн нааразычылыктар пайда болгон. Ошондуктан, тарифтерди этап-этабы менен көтөрүү чечимине келдик, азырынча бул маселе көтөрүлбөйт", - деди Абдыкадыров.

Башкача айтканда, жакынкы келечекте муниципалдык автобустар менен троллейбустарда жол кире баасы мурдагыдай эле – 11 сом бойдон калат. Маршруттук таксилерде да жол кире өзгөрбөйт – 15 сом бойдон калат. Айтмакчы, мэрия бишкектиктердин конструктивдүү сын-пикирин жана тынчсыздануусун угууга даяр, тигил же бул чечимди кайра карап чыгууга кудуреттүү экени көпчүлүктү таң калтырды.

Албетте, келечекте тарифтер дароо эмес, акырындык менен көтөрүлөт. Биринчиден, мэрия шаардыктар үчүн шарттарды түзүп, калкты коомдук транспорт менен камсыздашы керек. Андан кийин борбордун тургундары өзгөрүүлөрдү көрүп, бааласа, ошондон кийин жол кире баасын бир нече сомго кымбаттатууга түшүнүү менен карай башташат. Бул туура мамиле болмокчу.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий