• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакынкы 5 жыл аралыгында билим берүү тармагында кандай өзгөрүүлөр болот?

Аналитика 0

Кыргызстанда билим берүү системасы акыркы жылдары кескин өзгөрүүлөргө дуушар болду. Бул өзгөчө пандемия убагында айкын көрүнүп турду. Ооба, аткарылган иштердин көбү аргасыздан болду, бирок бул келечекте чоң түрткү болушу мүмкүн. Санарип элементтерин жайылтуу, андан тышкары, аралыктан окутууга өтүү мүмкүндүгү – келечекке болгон чоң кадам. Бүгүнкү күнгө чейин билим берүүнүн ушул түрүнө ичи чыкпагандар көп экенине карабай кандай болсо да бул билим берүү процессин жакшыртуу жана билим алуунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн салынган пайдубал болду.

Мектепке баруу билим алуудан тышкары баланы ар тараптан өнүгүүсү үчүн башка көптөгөн зарыл сапаттарды берүүсүндө шек жок, мисалы социалдык өз ара аракеттер, коомчулук менен аралашууга көнүүсү, таанышуулар. Бирок ден соолугуна же мектептин жогуна байланыштуу мектепке бара албаган балдар бар экенин эстен чыгарбоо керек. Ушул жагынан алканда аралыктан билим берүү чоң жетишкендик болуп саналат.

Ошондой эле электрондук күндөлүк, же жаңы окуучуларды мектепке электрондук каттатуу сыяктуу жаңычылдыктын кошо жүрүүсү мектеп окуучуларына гана эмес, ата-энелер үчүн да жеңилдик болот, ошондой эле коррупциялык факторлорду азайтат. Ата-энелер баласынын ийгиликтерин онлайн түрүндө көрө алышат.

Албетте, Билим берүү жана илим министрлиги азыркы билим берүү системасынын бардык кемчиликтерин билишет. Ошентсе да кол куушуруп отурган эч ким жок, алар билим берүүнүн жаңы ыкмаларын жакшыртуу жана жайылтуу, азыркы билим берүүнүн планын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатышат. Өткөн жылды талкуулоо, андан тышкары, алдыдагы пландар тууралуу айтуу максатында 2020-жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү. Жыйынга билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, КР ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Гулкан Молдобекова, президенттин аппаратынын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, облустук, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ЖОЖдордун ректорлору ж.б. катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев министрликтин 2021-2025-жылдарга карата иштелип чыккан Программасы менен тааныштырды. 5 жылдык Программа билим берүү системасын, илим, инновацияны өнүктүрүүгө багытталган. Программада мектепке чейинки билим берүүдөн тартып жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүүнүн ар бир баскычында билимдин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу механизмдери камтылган.

Жалпысынан конференциянын жүрүшүндө билим берүүнүн түрдүү деңгээлиндеги төмөнкүдөй негизги өзгөрүүлөр белгиленди:

Мектепке чейинки билим берүүдө:

Билим берүүнү камтууну кеңейтүү жана билимдин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;

Мектептик билим берүүнүн деңгээлинде:

  • Билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик стандартын жана тарбия Концепциясын иштеп чыгып ишке ашыруу; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
  • Окуу процессин технологиялардын жардамы менен колдоо;
  • Кыргызстанда Электрондук мектепти – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, кыргызча окуйм деген этникалык кыргыздарга, мигранттардын балдарына ж.б. үйдөн чыкпастан, мектептик билим алууга жана мамлекеттик үлгүдөгү тиешелүү документ алууга мүмкүндүк берүүчү системаны түзүү;
  • Өлкөнүн мектептерин PISA окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программага катышууга даярдоо;
  • Мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасын киргизүү;
  • Иштин натыйжалуулугун баалоонун рейтингдик системасын киргизүү.

Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу:

  • Балдарда илимге болгон кызыгууну жаратуу, алардын аң сезимин өстүрүү үчүн “Агартуу” паркын түзүү;
  • Креативдүү технологиялар борборун куруу;
  • өлкө боюнча мугалимдерди жана таланттуу балдарды колдоо максатында билим берүү-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу;
  • Мектептин деңгээлинде кесиптик көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Кесиптик билим берүү деңгээлинде:

  • Башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жана жагымдуулугун жогорулатуу куралын ишке киргизүү; орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуунун бирдиктүү санариптик платформасын түзүү; КР ЖОЖдоруна чет элдик жарандарды кабыл алууда бирдиктүү санариптик платформаны түзүү;
  • Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо;
  • Жаңы даярдоо багыттарын, анын ичинде тармактардын жана адистиктердин чектешкен багыттарын түзүү;
  • Жогорку окуу жайлардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү;
  • Педагогикалык даярдоо багыттарынын бүтүрүүчүлөрүн көз карандысыз сертификациялоону киргизүү.

Илимдин жана инновациялардын деңгээлинде:

  • Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө илимдин салымын күчөтүүчү илимий-инновациялык борборлорду түзүү;
  • Илимий-изилдөө институттарын жана жогорку окуу жайларды интеграциялоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу. Жогорку окуу жайлардын базасында окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүү.

Жалпысынан конференциянын жүрүшүндө комплекстүү мамиле жасоо менен гана билим берүү процессин жакшыртууга болору белгиленди.

Жылдык план менен тааныштырууну аяктап жатып: “Акыркы жылдары Кыргызстанда илимдин деңгээлинин өскөндүгү байкалды. Индекс боюнча алып карай турган болсок, КМШ өлкөлөрүндө Орусия жана Украинадан кийин эле биз турабыз. Бул сыймыктанчу көрүнүш. Демек, туура саясат жүргүзсөк, алдыга жылыш сөзсүз болот. Андыктан, алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Жоопкерчиликти сезип, өлкөнүн билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бирдиктүү саясат жүргүзөлү”, - деп чакырды Алмазбек Бейшеналиев.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий