• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектен Казанга каттамдарды көбөйтүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Россиянын «Урал аба жолдору» авикомпаниясы 2023-жылдын 15-июлунан тартып Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча биринчи каттамды ачып, Бишкектен Казанга үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.

"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына 1 жолу (ишемби күндөрү) аткарылат.

Эске салсак, башка авиакомпаниялар аталган багыт боюнча каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарышууда.

"Манас" аэропорту аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий