• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектен учуп чыгып, Тегеранда кулаган учактын сүрөттөрү

Кырсык 0


Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Бишкектен Иранга учуп бара жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 707 учагы Тегерандын чет жагында кулап түшкөн. Бул тууралуу Ирандык телеграфтык агенттик (ИрТАГ) кабарлайт. Fars агенттиги кырсык болгон жерден бир нече сүрөттөрдү жарыялаган.

Учак Сафадашт шаарынын аймагында кулаган. Кырсык болгон жерде учурда калың түтүн каптап турат. Жерине тез жардам кызматы жана куткаруучулар чыгып кетишкен.

Маалымат агенттиги кабарлагандай, учак жүк менен Бишкектен Карадж шаарына учуп бара жаткан. Ичинде 10 адамдан турган экипаж болгон. Алардын тагдыры азырынча белгисиз.

Кулаган Boeing 707 учагы транзиттик болгон. Ал бүгүн, 14-январда Бишкектен саат 7:16да учуп чыккан.

"Манас" Эл аралык аэропорту" "Кабар" агенттигине билдиргендей, учак ирандык авиакомпанияларга таандык болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий