• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин 2 акимчилигинде пландуу кеңешмелер өттү. Эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын эки райондук администрациясында пландуу жыйындары өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май райондук администрациясында аким Максатбек Сазыкуловдун жетекчилиги алдында райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жана МАБдардын жетекчилеринин катышуусунда кезектеги пландуу кеңешме өттү.

Күн тартибине ылайык, 2022-жылдын 1-кварталындагы киреше бөлүгүнүн аткарылышы, аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо боюнча аткарылган иштер жана коомдук-саясий абал боюнча үч маселе каралды.

Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 505 млн 661 миң 300 сомдук пландын ордуна 562 млн 905 миң 100 сом салык төлөмдөрү жана жыйымдар түшүп, башкача айтканда, аткарылышы 111,3%ды түздү. План 57 млн 243,8 миң сомго ашык аткарылды.

Экинчи суроо боюнча үч айда инспекторлор тарабынан 709 чарба жүргүзүүчү субъектилер текшерилип, КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык 347,5 миң сомго 31 протокол түзүлдү.

Жыйынынын жыйынтыгы менен райондун башчысы базарларга кассалык аппараттарды орнотуу боюнча иштерди күчөтүүнү, көчөлөрдүн, короолордун санитардык абалын жакшыртууну, райондогу тартипти көзөмөлдөөнү тапшырды.

Ошондой эле шаардык, райондук кызматтардын жетекчилеринин жана МАБдардын башчыларынын катышуусунда Ленин районунда да пландуу жыйын өттү.

2022-жылдын 1-кварталына карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодекси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана «Ош-Базары» соода комплексинин аймагындагы стихиялуу сооданы жоюу боюнча маалымат угулду.

Отурумдун жыйынтыгында акимдин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басарына «Ош-Базары» соода комплексинин аймагындагы стихиялуу сооданы жоюу боюнча рейддердин жүрүшүндө түзүлгөн протоколдордун айып пулдардын өндүрүлүүсүн жеке көзөмөлүнө алуу тапшырылды. Райондук билим берүү борборунун директоруна мектептерде электрондук каттоо иштерин көзөмөлгө алуу, ал эми МАБдардын башчыларына микроучасток боюнча 1-класска бара жаткан балдарды кабыл алуу тууралуу шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий