• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Көк-Жар конушу газдаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана абанын булганышына жана түтүнгө каршы күрөшүү максатында Октябрь районунда газдаштыруу иштери күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Көк-Жар конушунда Майрам жана Кыял көчөлөрүнүн боюна 750 метр, Салкын көчөсүнө 1000 метр газ түтүктөрү тартылды.

Ошол эле учурда ушул эле көчөлөрдө көгүлтүр отунга туташтыруу үчүн 54 үй ссуда алуу үчүн кайрылса, анын 11и кошулган.

Белгилей кетсек, жогорку Көк-Жардын №20 кварталында 202 үй (түтүн) бар, жашоочулардын саны 782 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий