• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майлуу-Суу шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун 95 пайызы аяктап калды

Аймак 0


Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун 95 пайызы аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Майлуу-Суу шаарынын негизги суу кампасына барып, капиталдык оңдоо иштери менен жеринен таанышты.

Калаа тургундарына таза суу жеткирүү максатында КР министрлер кабинети тарабынан 7 млн 200 миң евро өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя берилген. Бөлүнгөн каражатка негизинен беш багыттагы жумуштар аткарылган. Анда лабораториялык насостук станциялар, заманбап суу тазалоо курулмалары орнотулуп, шаар ичине 25 чакырымды түзгөн жаңы суу куурлары жаткырылган.

Мындан сырткары, ички жана сырткы суу кампалары орнотулуп, мекеменин техникалык паркы жаңыланган. Жумуш толук аяктаса, көп жылдардан бери Майлуу-Суу шаарынын тургундарын түйшөлткөн таза суу көйгөйү толук чечилет.

Белгилей кетсек, өткөн жылдагы кыш мезгилинде абанын температурасы төмөндөгөнүнөн улам, Майлуу-Суу шаарына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Ага ылайык, бул жылы аталган көйгөйдүн алдын алуу багытындагы жумуштар күчөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий