• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин конуштарында жеринде документтештирүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Бишкектин конуштарында жеринде документтештирүү иштери уланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкар Карыбеков билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, уруксатсыз турак жайларда жашаган Кыргызстандын жарандарын жашаган жери боюнча каттоо жана каттоодон чыгаруу эрежелери жөнүндө убактылуу жобо бекитилди.

“Бүгүнкү күнгө чейин бул жарандар турак жайга укук берилүүчү документтери жок болгондуктан жашаган жери боюнча каттоого тура албай келишкен. Жарандарга мамлекеттик муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр: дары-дармек, балдар үчүн документтерди алуу, социалдык квоталарды, стипендияларды жана башкаларды алуу чектелген болчу”, - деди ал.

Ал белгилегендей, бул токтомдун кабыл алынышы жарандарды жашаган жери боюнча техпаспорттун негизинде каттоого мүмкүндүк берет.

“Кезектердин массалык топтолушуна жол бербөө үчүн мобилдик топтор түзүлдү. 9-мартта мобилдик топ Ленин районуна, “Жер-Ынтымак”, “Арча-Бешик”, “Ак-Ордо” жана “Ала-Тоо” конуштарына жөнөп кетет. 10-мартта мобилдик топ бардык башка райондорго барат. Анын иш графиги сайтыбызга жарыяланат”, - деди Карыбеков.

Пикир

Оставить комментарий