• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларынын жанындагы жол чийиндери жаӊыланып, белгилер орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Бишкектин мектеп жана бала бакчаларынын жанындагы жол чийиндери жаӊыланып, жол белгилери орнотулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын жаш тургундарынын коопсуздугу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилерин жаӊылоо иштерин баштады.

Жол чийиндери жаӊыртылып, Бишкектеги мектептердин жана бала бакчалардын жанына жол белгилери орнотула баштады. №72, 49, 42, 25, 66, 4, 45, 20, 93, 74, 72, 26 мектептердин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр жаӊыртылды.

"Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жанына атайын жасалма дөӊчөлөрдү орнотуп, жол чийиндерин чийип, жол белгилерин орнотуудабыз. Бүгүн, №145 бала бакчанын, Анкара көчөсүндөгү “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин, №20 мектеп-гимназиянын жанында “жасалма дөӊчөлөр” пайда болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий