• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин мэри Суракматов КСДПнын талапкерлер тизмесинен чыгарылды

Саясат 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов “КСДП” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, БШКга Суракматовдон арыз келип түшкөн.

"БШКга келип түшкөн арыздын негизинде, КРдин “КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып, КРдин “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык анын арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Азиз Суракматов 2018-жылдын 8-августунда Бишкектин мэри болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий