• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Октябрь районундагы таштандыны убагында чыгарбаган компанияга 7-ирет айып салынды

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районундагы таштандыларды чыгаруу үчүн жалданган "БишкекВторРесурс" жеке ишканасына таштандыны өз убагында чыгарбагандыгы үчүн жыл башынан бери 7-ирет айып салынды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган кампанияга №4 кичирайонундагы №27 жана 40-үйлөрдүн жанындагы таштанды салуу үчүн коюлган контейнерлердин айланасын өз убагында тазалабагандыгы үчүн КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү.

Инспекторлор тарабынан компанияга 26 миң сом өлчөмүндө айып салуу боюнча токтом чыгарылды.

Мэриядан белгилешкендей, аталган ишкана үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта борбордун Октябрь районун тейлей баштаган. Жыл башынан бери бул ишканага жалпы суммасы 91 миң сомдук 7 протокол түзүлдү.

Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталган учурда менчигинин түрүнө карабастан, бардык жарандарга протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Белгилей кетсек, Октябрь районунун акими Азамат Дороев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта аталган райондун аймагынан таштанды чыгаруу боюнча “Бишкек Втор Ресурс” компаниясы менен келишим түзүлгөндүгүн билдирген.

“Биз Бишкек мэриясы менен бирге таштандынын чыгарылбай калуу коркунучунан улам жеке компания менен иштөө чечимин чыгарганбыз. Районубузду мурда жеке компания тейлеп келсе, кийин алар өз ишин токтотуп, район “Тазалык” ишканасына кайтарылган. “Тазалыктын” техникалык жабдылышы начар болгондуктан муниципалдык ишканага кыйынчылык жаралат”, - деп билдирген Азамат Дороев.

Пикир

Оставить комментарий