• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин ортосунда эки жеңил унаа менен троллейбус кагылышты

Кырсык 0


Бишкек, 22.02.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкектин борборунда эки жеңил унаа менен троллейбус кагылышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине күбөлөр кабарлашты.

Алардын айтуусуна караганда, жол кырсыгы болжол менен саат 9:35 чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

Кырсыктын натыйжасында жол тыгыны пайда болгон, алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Учурда окуя болгон жерде ЖКККББнын кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий