• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин райондорундагы COVID-19 боюнча маалымат - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/.Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы Бишкектин райондорундагы COVID-19 боюнча маалымат берди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык:

Ленин району: 49 очок бар; 2 учур тастыкталган; 68 жаран эксперсс-тест тапшыруудан баш тарткан; 33 үй жабык болгон;

Октябрь району: 28 очок бар; 5 учур тастыкталган; 26 жаран анализ тапшыруудан баш тартты; 51 үй жабык болгон;

Биринчи май району: очоктор – 16; тастыкталган анализдер – 5; баш тартты – 10;

Свердлов району: очоктор – 17; тастыкталган анализдер – 3; баш тарткандар – 9; жабык үйлөр -15.

“Мобилдик бригадалар тарабынан 110 очокто, калктуу конуштарда, шаардын борбордук бөлүгүндө жана кичи райондордо изилдөөлөр боюнча иштер жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө карата 15 тастыкталган учур аныкталды, коронавирус тестинен өтүүдөн 113 баш тартуу учуру жана 99 турак үй жабык болгон, тагыраагы үй ээлери үйүндө жок болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий