• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Свердлов районунда соцтейлөөнүн сапаты талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда тургундарга социалдык кызматтарды көрсөтүү жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуудагы көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн тегерек стол өттү.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, тегерек стол Свердлов районунун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакуновдун төрагалыгында өттү. Тергерек столго Свердлов райондук МАБын башчыларынын орун басарлары, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкы адисистери катышышты.

Тегерек стол муниципалдык администрациянын башчысынын 2023-жылдын 30-июнундагы буйругу менен бекитилген Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын иш-планынын алкагында өткөрүлдү.

Катышуучулар мамлекеттик жөлөкпулдарды алууда калктын аялуу катмарын тейлөө жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, мөөнөтү өтүп кеткен же ID паспорту жок жарандар менен иштөөнү жакшыртуу, калктын аялуу катмары үчүн калкты тейлөө борборлорунун акы төлөнүүчү кызматтары боюнча маселелер көтөрүлдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө социалдык көйгөйлөрдү чечүү ишин жакшыртуу, жарандар кайрылганда ар тараптуу колдоо көрсөтүү, тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий