• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Жал кичирайонунда батирде өрт чыкты - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бишкектин Жал кичирайонунда батирде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-сентябрда Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №92 көп кабаттуу турак үйдүн 6-кабатында батирден өрт чыккан, тилсиз жоо саат 20:47де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жабыр тарткандар жок, себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий